Трамп: Иран туура эмес кадамы аркылуу чоң согушка себепчи болорун аңдады

Трамп: Иран туура эмес кадамы аркылуу чоң согушка себепчи болорун аңдады

Мен президент болуп турганда Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна эч качан жол берилбейт. Мындай пикирди АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын ракеталык соккусунан кийинки жасаган билдирүүсүндө айтты.

Трамп ошондой эле Иран күчтөрүнүн Ирактагы АКШ базаларына жасаган чабуулунан эч бир америкалык аскер жапа чекпегенин белгилеп өттү.

“Тегеран туура эмес кадамы аркылуу чоң согушка себепчи болорун аңдаган сыяктуу. Биз Иран калыкынын келечеги жаркын болушун жана дүйнө менен тынчтык алакада жашашын каалайбыз. АКШ бийлиги тынчтыкка умтулган бардык өлкөлөр менен биригүүгө дайын”, — деген Трапм.

Ошондой эле Трамп Тегеранды «эл аралык терроризмди колдойт» деп күнөөлөп,  НАТОну Жакынкы Чыгыштагы жагдайга токтоосуз аралашууга чакырды.

Белгилей кестек, Ирандын атайын даярдыктагы “Кудс” бөлүгүнүн командири генерал Касем Сүлейманинин АКШ тарабынан өлтүрүлүшүнө байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу күчөп кеткен.

Иран бийлиги Сүлейманинин өлтүрүлүшү боюнча АКШга жооп катары 8-январга караган түнү Ирактагы АКШнын аскерлери жайгашкан эки базага баллистикалык ракеталар менен сокку урган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>