Site icon Reporter.kg

Трамп коронавирус жуктуруп алып, карантинге кетти

LONDON, ENGLAND - JUNE 04: US President Donald Trump and First Lady Melania Trump pose ahead of a dinner at Winfield House for Prince Charles, Prince of Wales and Camilla, Duchess of Cornwall, during their state visit on June 04, 2019 in London, England. President Trump's three-day state visit began with lunch with the Queen, followed by a State Banquet at Buckingham Palace, whilst today he attended business meetings with the Prime Minister and the Duke of York, before traveling to Portsmouth to mark the 75th anniversary of the D-Day landings. (Photo by Peter Summers/Getty Images)

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус жуктуруп алды. Күн мурун анын жардамчысы Хоуп Хиксте COVID-19 аныкталып, Трамп менен жубайы Мелания тест тапшырышкан.

Хикс 29-сентябрда президент менен Кливлендде өткөн дебаттарда, 30-сентябрда Миннесотадагы митингде чогуу болгон.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жад Дирдин билдирүүсүндө: «Президент өзүнүн жана айланасындагылардын ден соолугуна, коопсуздугуна олутуу мамиле кылат», — деп жазылган.

Май айында АКШнын вице-президенти Майк Пенстин басма сөз катчысы Кэти Миллердин, июлдун аягында президенттин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Роберт О’Брайендин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Эки аткаминер тең айыгып, жумушка кайтышкан.

Трамп АКШда шайлоо өнөктүгү кызып жаткан маалда ооруп калды. Өлкөдө президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

Exit mobile version