Трамп коронавирустун жайылышын иликтөө үчүн ДССУга 30 күндүк мөөнөт берди

Трамп коронавирустун жайылышын иликтөө үчүн ДССУга 30 күндүк мөөнөт берди

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 30 күн ичинде жумушун жакшыртууга милдеттенме албаса, каржылоону токтотууга ниеттенип жатканын билдирди.

Трамп ДССУ ишин жакшыртпаса, Кошмо Штаттардын уюмга мүчөлүгүн кайра карап чыгууга жана каржылоону убактылуу эмес, биротоло токтотууга даяр экенин айтты. Ал ДССУга жолдогон катын “Твиттердеги” барагына жарыялады.

Анын айтымында, ДССУнун алдындагы жалгыз жол – Кытайдан көз карандысыз экенин далилдөө. Буга чейин Трамп уюмду кытай “оюнчугу” деп атаган.

Вашингтондун пикиринде, Бээжин эпидемиянын чыныгы масштабын жана жайылуу ылдамдыгын жашырган. ДССУ жетекчилиги Бээжинден келген маалыматтардын чын-төгүнүн иликтебей, вирустун канчалык деңгээлде коркунучтуу экенин баалай алган эмес. Жыйынтыгында коронавирус инфекциясы дүйнө жүзүндө миңдеген адамдын өмүрүн алгандан кийин гана пандемия жарыяланган.

Европа Биримдиги менен Австралия дагы жаңы вирустун келип чыгышын жана жайылышын иликтөөгө чакырууда. Бул сунушту дүйнөнүн 122 өлкөсү, анын ичинде Улуу Британия жана Орусия да колдоду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>