АКШнын президенти Дональд Трамп америкалыктарды өзүнүн экинчи президенттик мөөнөтүнүн алты айлык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу ал Truth Social соцтармагындагы баракчасына жазды.
Ал өз сөзүндө бул убакыт аралыгында АКШ «өлүк» өлкөдөн «эң ысык жана урматталган» өлкөгө айланганын билдиргеню
«Мына сага, убакыт кандай тез өтүп жатат! Бүгүн менин экинчи мөөнөтүмдүн алты айлык мааракеси. Эң башкысы, бул мезгил ар бир президент үчүн эң маанилүү доорлордун бири катары айтылат. Башкача айтканда, биз көптөгөн жакшы жана чоң иштерди аткардык, анын ичинде биз менен байланышы жок өлкөлөрдөгү бир катар согуштарды соода же, айрым учурларда, достук мамилелер аркылуу токтотууга жетиштик. Алты ай чоң өлкөнү толук калыбына келтирүү үчүн анча узак убакыт эмес. Бир жыл мурун өлкөбүз “өлгөн” абалда болчу, кайра жанданууга дээрлик үмүт жок эле. Бүгүн болсо АКШ дүйнөдөгү эң “ысык” жана эң урматталган мамлекет. Маараке менен куттуктайм!!!» — деп жазган Трамп.