Трамп президенттик шайлоодо коопсуздук үчүн жооп берген агенттиктин башчысын иштен алды

Трамп президенттик шайлоодо коопсуздук үчүн жооп берген агенттиктин башчысын иштен алды

АКШнын президенти Дональд Трамп Компьютердик жана инфраструктуралык коопсуздук агенттигинин (CISA) башчысы Крис Кребсти кызматтан алды. Бул тууралуу “Америка Үнү” билдирди.

Агенттик 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоодогу коопсуздук үчүн да жооп берген. Буга чейин Кребс шайлоо учурунда Демократиялык партия тарабынан жапырт бурмалоо болгону тууралуу маалыматты четке каккан.

Трамп “Твиттердеги” баракчасына Крис Кребстин 2020-жылдагы шайлоонун коопсуздугу тууралуу билдирүүсү так болбогонун, себеби жапырт мыйзам бузууларга жана көз боемочулуктарга жол берилгенин, анын ичинде “өлгөн кишилер” добуш бергенин жазды. «Твиттер» бул билдирүүгө «талаштуу» деген белги койду

Ошол эле маалда Трамп 2020-жылдагы шайлоого чет өлкөлүк державалар дээрлик аралаштырылбаганын, бул анын администрациясынын эмгеги экенин баса белгиледи.

Reuters агенттигинин жеке булактары Крис Кребс агенттикте шайлоо жараяны учурундагы жалган маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн “Айың кептерди башкаруу” боюнча веб-сайт түзгөнүн, бул Ак үйдүн өзгөчө кыжырын келтиргенин кабарлады.

Reuters Кребстин кызматтан алынганы белгилүү болгондон кийин коопсуздук боюнча көптөгөн эксперттер аны колдоп чыгышканын баса белгилейт. Алар CISA башчысы агенттикти эки жыл башкарганын жана бир дагы партиянын тарапташы болбогонун билдиришкен.

Бул арада Жоржия штатында добуш саноо уланууда. Штаттын шайлоо комиссиясынын өкүлү Габриэль Стерлингдин айтымында, бул процедура шаршембиде аягына чыгат. 5 млн бюллетендин ичинен 300 миңи гана санала элек.

Ушул маалда бул штатта бюллетендердин 99% эсептелип чыккандан кийин Байден 49,5%, Трамп 49,2% добуш топтоду.

Ал ортодо Трамптын шайлоо штабы Висконсинде добуштарды кайра эсептеп чыгууга ниеттенүүдө.

Associated Press агенттиги билдиргендей, штаттагы 72 округда добуш санак аяктады. Ал жакта Байден 0,7% пункт менен алдыда келе жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>