Трамп шайлоо боюнча «шок кыла турган маалымат» жарыялоону убада кылды

Трамп шайлоо боюнча «шок кыла турган маалымат» жарыялоону убада кылды

АКШнын президенти Дональд Трамп  шайлоо боюнча «шок кыла турган маалыматтарды» жарыялайм деп убада кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн «Твиттер» баракчасына жазды.

Трамп Невада жасалма добуштардын очогу далилденгенин айтты. Президент Американын Консервативдик Бирлигинин башчысы Мэтт Шлапп жана анын Невададагы штабынын тең төрагасы Адам Пол Лаксалт штаттагы добуш берүү жөнүндө «таң калаарлык маалымат» тапканын белгиледи.

Буга чейин Трамп 2024-жылы АКШнын президенттигине кайрадан талапкерлигин коюуну пландап жатканы маалымдалган. Axios басылмасынын маектештеринин айтымында, Трамп бул мүмкүнчүлүктү кеңешчилери менен жеке сүйлөшүүдө талкуулаган. Муну менен Трамп өзүнүн атаандашы Жо Байденге ушул шайлоодо утулгандыгынын эң ачык көрсөткүчү экенин айгинелейт.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана элек. Алдын-ала маалыматтар боюнча Жо Байден жеңишке жеткенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>