Site icon Reporter.kg

Транспорт министри Ысык-Көлдө жол оңдоо иштерин текшерүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барып, «Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол» автожолунун реконструкциясы боюнча иштерди жеринде текшерди.

Министрликтен кабарлангандай,  0–25-чакырым аралыгындагы асфальт төшөө жана жол белгилерин чийүү, тосмолорду орнотуу иштерин карап чыкты. Бул тилкеде 25 чакырым жол толук асфальтталган. Ал эми 25–71-чакырымда 19 чакырымга биринчи катмар төшөлгөн.

Ошондой эле, министр көпүрө куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана 71–91-чакырымдардагы асфальт-бетон заводу менен таанышып чыкты. Андан соң, 96.37–141.64-чакырымдардагы иштерди көрүп, тиешелүү жетекчилерге жумуштарды графикке ылайык өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасын берди.

 

 

Exit mobile version