Транспорт министри Жанат Бейшенов кызматтан кетүүгө даяр

Транспорт министри Жанат Бейшенов кызматтан кетүүгө даяр

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов орун басарынын пара менен кармалышына байланыштуу кызматтан кетүүгө даяр.

Министирликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ал өкмөт башчыга кызматтан кетүү тууралуу арыз менен кирген.

“Ал моралдык жоопкерчиликти сезе турганын билдирип, өкмөт башчыга кирди. Эми чечимди өкмөт башчы кабыл алат”, — деди басма сөз кызматынын өкүлү.

Өткөн аптада Reporter.kg`ге министр Жанат Бейшеновдун кызматтан алынары тууралуу өздүк булактар тарабынан маалымат түшкөн.

7-феварлда Транспорт жана жол министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана министрликтин алдындагы суу транспорту жана салмак габаритин көзөмөлдөө агенттигинин  директору Анарбек Бекмуратов Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине 10 миң доллар өлчөмдө пара берип жатып кармалышкан.

Алар сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталган министрликтин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотууну көздөшкөн.

2018-жылдын декабрь айында ошол кездеги Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалгандан кийин кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>