Site icon Reporter.kg

Транспорт министрлиги: Ашууларда жол ачык

Бүгүн, 23-декабрь саат 08:00го карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Түп — Кеген жана Бишкек — Кара-Балта жолунда, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ошондой эле, Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Exit mobile version