Site icon Reporter.kg

Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыкты

Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турганда, өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык абалын жана саясий байланыштарын колдонуу менен мыйзамсыз баюу максатында, 2015-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу аркылуу муниципалдык жер тилкени таштанды таштоочу жай катары 95% акциясы Т. Абдраимовго тиешелүү “Кайнар” ЖАКка ижарага берүү боюнча иштерди жүргүзгөндүгүн белгилейт.

2022-жылдын 1-майында чогултулган далилдердин негизинде Т. Абдраимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Кылмыш ишин андан ары иликтөөнүн жүрүшүндө Т. Абдраимов өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин түшүнүп, кылган ишине өкүнүп, жазасын жеңилдетүү максатында 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды таштоочу жай) Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясынын балансына өткөрдү, иш боюнча белгиленген 15 300 000 сом зыяндын ордун толук толтурду, ошондой эле Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктыяры менен КР Кыргызстан профсоюздар федерациясынын балансына өткөрүп берди. Буга байланыштуу 2022-жылдын 29-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен Т.Абдраимовдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш иши сотко жөнөтүлөт.

Exit mobile version