Турак жай коммуналдык чарба кызматкерлери Садыр Жапаровго жана Балбак Түлөбаевге кайрылышты

Турак жай коммуналдык чарба кызматкерлери Садыр Жапаровго жана Балбак Түлөбаевге кайрылышты

«Бишкектеплоэнерго» жана «Бишкексвет» ишканаларынын кызматкерлери премьер-министр Садыр Жапаров жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге кайрылуу жасашты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге митингдин катышуучулары билдиришти.

Алар Бишкек шаарынын турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Алымбек Абдылдаевди жана социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеваны ээлеген кызматтарынан бошотуу чечимин жокко чыгарууну суранышууда.

«Вице-мэрлердин экөө тең мурунку командада дагы, азыркы командада дагы жакшы сын-пикирлерге ээ. Бул лидерлер шаардын турмушунун татаал мезгилдеринде өз милдеттерин ийгиликтүү аткарышты, эмгек ишмердүүлүгүндө алган милдеттенмелерин жакшы жасашты. Бардык иштөө мезгилинде аларга борбор калаанын жашоочуларынан арыздар жана нааразычылыктар келип түшкөн жок», — деп айтылат кайрылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>