Site icon Reporter.kg

«Турар» басмаканасында экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды

Экология министрлиги «Турар» басмаканасына экологиялык мыйзам бузуулары үчүн айып пул салды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 7-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору аталган басмакананын ишин текшерип, экологиялык мыйзам бузууларды аныктаган. Жыйынтыгында, ишканага 33 миң сом айып пул салынган.

 

Exit mobile version