Турдалиева: Аида Салянованын абалы күндөн-күнгө оорлоп жатат. Ага панкардит диагнозу коюлду

Турдалиева: Аида Салянованын абалы күндөн-күнгө оорлоп жатат. Ага панкардит диагнозу коюлду

СИЗО-1де камакта отурган мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага жасалган анализдердин жыйынтыгы чыгып, анда прокурорго панкардит деген диагноз коюлду. Бул тууралуу 30-июлда анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.

Турдалиеванын айтуусунда, бул оору жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт.

«Аида Салянованын абалы күндөн-күнгө оорлоп жатканын жактоочусу аркылуу угуп жатабыз. Биз, туугандары, жакындары анын ден соолугун ойлоп кабатыр болуудабыз. Дем жетпеген камерада түнү менен уктай албай кыйналып жатканын адвокаты айтууда. Жолугушуу укугу адвокатта гана бар», — деди Турдалиева.

Белгилей кетсек, Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалып,  26-августка чеийин камакта калтырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>