Site icon Reporter.kg

Туристтердин жоругунан кийин Көл-Сууда унаа айдоого тыюу салынды (видео)

Нарындын Ак-Сай өрөөнүндөгү Көл-Суу көлүндө кышында муз бетинде унаа айдоого тыюу салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Буга чейин соцтармактарга тоңуп турган Көл-Сууга туристтер унааларын айдап, жарышып, оюн уюштурганы тартылган видео тараган. Бул көрүнүш экоактивисттердин нааразычылыгын туудурган.

Андан кийин жерине мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия барып, Кел-Суу көлүндөгү муз үстүнө күйүүчү май тамбагандыгын, резина калдыктары калбагандыгын, ошондой эле экологияга жана айлана-чөйрөдө терс таасир тийбегендигин аныктаган. Алар муз бетинде унаа айдоого тыюу салган.

Ошондой эле туристтерди тоскон «Медер Ютком» мейманканасынын ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Exit mobile version