Site icon Reporter.kg

Турукташтыруу фондунан Ош шаарына 500 млн сом бөлүнөт

Кыргызстандын Турушташтыруу фондунан Ош шаарынын мэриясына 500 млн сом бөлүнөт. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Аталган каражат Ош калаасынын муниципалдык, коммуналдык, жол ишканаларына жана мекемелерине атайын техникаларды сатып алуу үчүн берилет.

Турукташтыруу фонду Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн, аманат жана турукташтыруу функцияларын жүзөгө ашыруучу бюджеттен тышкаркы фонд болуп саналат.

Exit mobile version