Site icon Reporter.kg

Туулгандыгы тууралуу күбөлүккө байланыштуу 3 суроого жооп

Мамлекеттик каттоо кызматы баланы каттоо, ага күбөлүк алууга байланыштуу эң көп берилген 3 суроону жарыялады.

  1. Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбай эле баланын төрөлүшүн каттоого болобу?

2. Бала чет өлкөдө төрөлүп, туулгандыгы боюнча тиешелүү документ алынган. Биздин мамлекеттин “Туулгандыгы тууралуу күбөлүк” алыш керекпи? 

3. Эмне үчүн кээ бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү Түндүк тиркемесинде чыкпайт?

Санариптик документти туура болуусу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк толугу менен санариптештирилиши керек.

Эгерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк санариптештирилбесе, жок болсо же туура эмес маалымат көрсөтүлсө, «Түндүк» тиркемеси аркылуу “Дал келбеген маалыматтар чыгып  жатабы?” бөлүмүнө өтүп, документтин сканерден өткөн версиясын тиркөө менен кайрылуу жөнөтүшүңүз керек.

Белгилей кетсек, бала 16 жашка толгондо баланын санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүк ата-энелерге көрсөтүлбөй калат, анткени паспорт алгандан кийин документ жарандын өзүнө көрсөтүлөт.

Маалымат үчүн: Туулгандыгын каттоо үчүн керектүү документтер: туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк; баланын ата-энесинин же алардын биринин паспорту; нике күбөлүк.

Exit mobile version