Site icon Reporter.kg

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активистке 70 миң сом айыппул салынды

Бишкектин Ленин райондук соту тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековго өкүм чыгарды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге анын жактоочусу Нурбек Сыдыков билдирди.

Сот активистти 327-берене (бийликти күч менен басып алууга чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып салган.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө, коомчулук, анын ичинде бир катар активисттер ага каршы чыккан. Алардын арасында автивист Афтандил Жоробеков да бар болгон. Жоробеков тууну өзгөртүүгө каршылыгын билдирүү үчүн тынчтык акцияларды уюштурарын жарыялаган. Алгач ал 2-декабрда автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок милиция кызматкерлери акция өткөрүүгө жолтоо болгон.

Андан кийин Жоробеков 9-декабрда Бишкектин Горький сейил багында тынчтык митингин уюштурууну пландаган. Бирок ага жетпей эле 7-декабрда активист милиция тарабынан кармалган. Жоробековго «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча айып тагылган.

Жоробековдун кармалганына карабай 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөн. Митингде эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес.

Февраль айында анын иши сотко өткөн.

Ал жарым жылдан ашык убакыт тергөө абагында отургандан кийин 17-июнда үй камагына чыгарылган.

Exit mobile version