Site icon Reporter.kg

Тууну өзгөртүүгө макул жана каршы деп добуш берген депутаттардын тизмеси

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-декабрда Кыргызстандын туусун өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды.

Тууну өзгөртүүгө 59 депутат макул, 5 депутат каршы деген добуш берди. Депутат Дастан Бекешов тууну өзгөртүүгө макул жана каршы деп добуш берген депутаттардын тизмесин жарыялады.

Тизмеде көрсөтүлгөндөй, Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбаев, Сеид Атамбаев, Медер Алиев жана Мирлан Самыйкожо каршы добуш берген.

Эми тууну өзгөртүү боюнча мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт

Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Exit mobile version