Site icon Reporter.kg

Түбү кыргызстандык аскер Украинада каза тапты

Кыргызстанда туулуп-өскөн дагы бир жигит Орусия армиясынын катарында Украинада каза болгону айтылууда. 18-апрелде “Азаттык” радиосуна Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоев менен байланышканда ал Кара-Дыйкан айылында маркумдун туугандары сөөктү жерге берүү үчүн күтүп жатышканын билдирди:

Келе элек, качан келери бүгүн билинет дешти. Кичине чоңойгондо эле кетиптир Орусияга. Орусиянын жарандыгын алган экен. Ошол жактан аскер кызматына кеткен экен. Ата-энеси бул жакта турат. Украинада каза болуптур деп жатышат”.

Буга чейин Украинада орус аскери катары окко учкан теги кыргызстандык эки адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын бири – 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү өзү туулган Кара-Ой айылына коюлган. Экинчиси – 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтадагы ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылган. Алардын сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу жеткирилген.

Exit mobile version