Site icon Reporter.kg

Түлөбаев парламентти «өкмөттүн» отчетун угуудан баш тартууну сунуштады

Эл өкүлү Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизип, министрлер кабинетинин отчетун угат деген нормаларды тиешелүү мыйзамдардан алып салууну сунуштады. Бул тууралуу парламенттин регламентинин долбоору каралып жаткан Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Бул сунуш комитеттен өткөн жок.

Мыйзамдарга ылайык, Жогорку Кеңеш Конституцияга өзү белгилеген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. Ошондой эле республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө министрлер кабинетинин жылдык отчетун угат.

Ушул тапта жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышына жана шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Exit mobile version