Site icon Reporter.kg

Түлөбаев: Тажик аскерлери ЖККУ машыгуусуна бизге келбесин — видео

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Кыргызстанда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгууларына Тажикстандын аскерлеринин келбешин талап кылды.

Ал жыйында Тажикстандын президенти менен коргоо министрине кайрылып, Кыргызстанга аскерлерин жөнөтпөшү керектигин эскертти.

«Тажикстан президенти менен коргоо министрине кайрылам, мындан ары жоокерлериңерди Кыргызстанга окуу-машыгууга жөнөтпөгүлө. Тажикстандын аскерлери бизге окуу-машыгууга такыр келбесин. Октябрда (окуу-машыгуу – ред.) болот экен. Биз аларды күткөн жокпуз. Келсе бул жакта чатак чыгат. Экинчи Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына кирбесин. Биздин аскерлер да ЖККУ боюнча Тажикстанга барбасын. Кереги жок. Эл араң турат. Эгер силерде тамчыдай ар-намыс болсо, Кыргызстанга аскерлериңерди жөнөтпөгүлө», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-14-октябрда Кыргызстанда ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлеринин магышуулары болуп өтөт. Тажикстан да аталган уюмга мүчө болгондуктан, алардын аскерлери Кыргызстанга келет.

Учурда ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда, бирок чыңалуу бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version