Site icon Reporter.kg

Түмөнбай Колдошов маданият министринин орун басары болду

Түмөнбай Колдошов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул маалыматта Reporter.kg’ге министрликтин басма сөз кызматы ырастады.

Ал кызматка бүгүн дайындалып, эмгек жамаатына тааныштырылган. Колдошов орун басарлык кызматка Салтанат Аманованын ордуна келген.

Эскерте кетсек, буга чейин Түмөнбай Колдошов Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын директору кызматын аркалап келген.

Exit mobile version