Site icon Reporter.kg

Түн ичинде үйүнө келип, сабап салган. Шектүү кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Кызыл-Кыя шаарынын 19 жаштагы У.А.у. аттуу тургуну кайрылып, 21-декабрга караган түнү болжол менен саат 02:30да үйүндө уктап жатканда, Караван айылынын 26 жаштагы И.У. аттуу тургуну белгисиз себептер менен үйүнө бастырып кирип, себеби жок уруп, денесине жараат келтиргенин билдирген.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 28-декабрь күнү шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон Кызыл-Кыя шаарынын 26 жаштагы И.У. аттуу тургуну кармалган.

Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version