Белгилүү куудул Тынар Курбаналиев анын сөгүнгөн аудиосу тараганы боюнча үн катты. Ал аталган сөгүнүүсү үчүн жалпы кыргыз элинен кечирим сурап, ал окуяда талаш-тартыш учурунда ачууга алдырып жибергенин айткан.
Буга чейин куудулдун айыл чарба министри Тилек Токтогазиевди малды сыртка сатууга тыюу салганын сындап, сөгүнгөн аудиосу тараган.