Тынчтык Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланды

Тынчтык Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 3-сентябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Тынчтык Шайназаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, токтом Шайназаровдун депутаттын ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жеке билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайназаровдун депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Тынчтык Шайназаров Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү болуп 3-сентябрда шайланган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштады. Шайназаровго 81 депутат макул, 4 каршы добуш берди, ал парламенттик шайлоого аттанган Назарали Ариповдун ордуна келди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>