Site icon Reporter.kg

Түндө Алайда жер титиреди

Ош облусунун Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун сайтында маалымдалгандай, кечээ саат 23:41де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3 балл, Эркечтам, Икизяк айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Exit mobile version