Site icon Reporter.kg

Түндө Токтогулда жер титиреди

Жалал-Абаддын Токтогул районунда 14-мартка караган түнү саат 03:06да күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Силкинүү райондун Бор-Дөбө тилкесинде 3,5 балл, Жетиген, Кетмен-Төбө, Саргата, Камыш-Башы (Чалдыбар), Көк-Бел, Кызыл-Ураан айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version