Site icon Reporter.kg

Түндө Ысык-Көлдө пансионаттан өрт чыкты

 21-октябрь саат 03:55те Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында «Роял Бич» пансионатынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Өрт саат 04:52де чектөөгө алынып,  06:35те толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен складтын  20 чарчы метри, чатыры жана ичинде курулуш материал, унаа тетиктери күйгөн. Себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Exit mobile version