Site icon Reporter.kg

Түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кант жолун туташтырган жаңы унаа жолу пайдаланууга берилди

Чүй облусунда түндүк айланма жолу менен Бишкек–Кант жолун байланыштырган 8 чакырымдык унаа жолунун асфальттоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун үстүнө 7 см калыңдыктагы асфальт катмары салынган. Ошондой эле жол сызыктары чийилип, унаалар үчүн толук ачылды.

Аталган жол борбор калаанын кире беришинде жайгашып, Лебединовка–ГЭС-5 жолуна параллелдүү өтөт. Жол жайкы туристтик сезондо Ысык-Көл тарапка бара турган жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу альтернативдүү маршрут катары кызмат кылат.

Жол «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан курулган.

Exit mobile version