Site icon Reporter.kg

«Түндүк электр» карыздар үчүн атайын тиркеме чыгарды

Электр энергиясын керектөөчүлөргө болгон карызы тууралуу өз убагында маалымдоо максатында мобилдик тиркеме иштелип чыккан.

«Түндүк электр» ААКдан билдиришкендей, бул тиркеме керектөөчүгө электр энергиясы үчүн болгон карызы жөнүндө маалымдайт жана төлөм өз убагында төлөнбөгөн учурда бул тууралуу абонентке күн сайын эскертүү келип турат. Тиркеме ошондой эле оңдоо иштеринин жүрүшүндө өчүрүү аймактарынын тизмесин, акы төлөнүүчү кызматтар үчүн калькуляторду, жаңылыктарды жана башкаларды көрсөтөт.

«Пайдалуу программаны Play Market жана AppStore тиркемелеринен  «Түндүк электр» ААКсы» издөө тилкесиндеги суроо-талап боюнча жүктөп алсаңыз болот. Жүктөп алгандан кийин, сиз суралган маалыматтарды киргизүү менен каттоодон өтүшүңүз керек»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version