Site icon Reporter.kg

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда таш түштү. Учурда жол бир тараптуу ачык

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун таш түшкөн Арал-Казарман тилкесинде бир тараптуу каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Кечээ, 2-июнь күнү кечки саат 19:30-20:00 аралыгында жолдун 241-242-чакырымдарында тоо боорунан таш түшүп, жолду жаап калган.

Жерине атайын техникалары тартылып, түнкү саат 01:30дар чамасында бир тараптуу каттам берилип, туруп калган унаалар өткөрүлгөн.

Министрлик азыркы тапта жолчулар тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери уланып жатканын билдирди.

Exit mobile version