Site icon Reporter.kg

Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу качан колдонууга берилери айтылды

Эмки жылы Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйында билдирди.

Андан тышкары, 2024-жылы Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгарылат.
Минкаб Түп–Кеген, Каркыра–Турук–Сары-Жаз, Балыкчы–Бөкөнбаев– Барскоон, Нарын–Баетово, Ала-Бука–Жаны-Базар–Кировка, Ош–Баткен–Исфана жолдорун реконструкциялоо иштери улантат.

«Корумду–Балбай Баатыр автожолун реконструкциялоо иштери башталат. Кытай менен 3-альтернативдүү жол-Бедель жаңы өткөрмө пункту пайда болот. Эркештамда 4 тилкелүү “Достук-Көпүрөсү” ачылат”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version