Site icon Reporter.kg

Түндүк-Түштүк жолу: Көк-Арттагы тоннелдин 3 миң метри казылды

Бүгүнкү күндө  Түндүк-Түштүк альтернативдик  жолунун курулушунун алкагында Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин 3 миң 70 метри казылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлдагы маалымат жыйында транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев билдирди.

Анын айтымында, 3 миң 70 метрдин 1 миң 224ү түштүк, 1 миң 845и түндүк тараптан казылган. Ал эми тоннелдин узундугу 3 миң 890 метрди түзөт.

Быйыл тоннелдин 500 метрин казуу пландалса, жарым жылда 147 метр казылып бүткөн (түштүк тарабынан – 94 м, түндүк тарабынан – 53,4 м).

Exit mobile version