Site icon Reporter.kg

Түндүктөн түшкөн ууру. Үйдү тоноого шектүү кармалды

14-март күнү Бишкекте  Борбордук көзөмөл түйүнү аркылуу ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусунда турган, үйлөрүнүн биринен Айгай белгиси түшкөн. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билидиришти.

Маалыматка караганда, милиция көрсөтүлгөн дарекке жетип барышканда, жашы 30-35 чамасындагы азият улутундагы жаран дубалдан секирип чыгып качкан, артынан кармоо тобунун экипажынын улугу жана милиционер автоматчысы экөө артынан кууп жетишип, кылмыш изи сууй электе кармашкан.

Ошол учурда, алыстан шектүү кочкул-кызыл түстөгү ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаа күн батыш тарапка катуу айдап кеткени байкалган. Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан айланадагы видео байкоолорду карап шектүү деген автоунага багыттама берүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кылмышка шектүү деп кармалган жаран үйдүн светин өчүрүп, сигнализациянын сиренасын талкалап, терезе аркылуу кирүүгө аракет кылганда коогалаң белгиси иштеген. Бөлүмдүн нөөмөткери тарабынан 102 кызматына билдирилип, үйүнүн ээси чакыртылган.

Окуя болгон жерге милиция тобу келип, үйдүн ээси С.А. менен биргеликте текшерүү учурунда үйдүн ичинен эч нерсе жоголбогону такталган.

Кылмышка шектүү деп кармалган жаран Жалал-Абад областынын 1989-жылы туулган Аксы районунун тургуну С.А. уурдоого аракет кылуу фактысы менен кармалып, Октябрь милициясынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version