Site icon Reporter.kg

Тыныбекова АКШнын Филадельфиядагы кыргыздар менен жолугушту

Токио Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова АКШда Филадельфия штатындагы кыргыздар менен жолугушуп жүрөт. Бул туурасында ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал өзүнүн постунда, кыргызстандыктарды бир жерге чогулткан “Кыргыз ынтымак” фондусуна ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин ынтымагына ыраазы болгон.

“Чынын айтсам, мынчалык жылуу тосуп алат деп күткөн эмесмин. Бир мүнөткө мен өзүмдүн мекеним Кыргызстанды таштабагандай сездим!Баары сонун болду. Жолугушууну уюштуруудан баштап, жагымдуу атмосфера тартууладыңыздар.Иш-чара тамаданын коштоосунда өтүп, келгендер менен көп нерсени сүйлөшүп, көп нерсени айтып, кызыктуу жана маанилүү суроолорго жооп берүүгө жетиштик. Уюштуруучуларга жана алардын жубайларына ушундай жылуу жана чын ыкластуу жолугушуу үчүн терең ыраазычылык билдирип, мени көрүп, колдоп келгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем! Жекшембиде балдарга тилибизди, маданиятыбызды унутпоо үчүн атайын кыргыз тилин үйрөтүп жатканыңыздар мени таң калтырды”- деди.

Тыныбекова Америкада машыгып жүрөт.

 

 

 

Exit mobile version