Site icon Reporter.kg

Тыныбекова баштаган балбан кыздар Хорватиядагы мелдешке катышат (видео)

62kg WW - Aisuluu Tynybekova (KGZ) df. Sakura Motoki (JPN)

Кыргызстандык балбан кыздар Хорватиянын борбору Загребде өтө турган Zagreb Open рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

10-14-январда өтө турган мелдешке Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Нурзат Нуртаева (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) катышат. Бул турнирге 68 кг салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова барбайт. Анын себеби азырынча белгисиз.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалымат боюнча бул мелдешке Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандары катышпайт.

Exit mobile version