Site icon Reporter.kg

Тыныбекова баштаган балбан кыздар Польшадагы мелдешке катышат

62kg WW - Aisuluu Tynybekova (KGZ)

Кыргызстандын балбан кыздары Польшада өтө турган Poland Open мелдешине катышат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 19-23-июнда Варшава шаарында өтөт. Ага өлкө атынан Калмира Билимбекова (59 кг), Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) катышат.

Балбан кыздарды мелдешке башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.

Exit mobile version