Site icon Reporter.kg

Тыныбекова менен сүйлөшкөн кыз ыйлап жиберди – видео

Айсулуу Тыныбекова менен жаш балбан Жасминдин телефондон сүйлөшкөн видеосун апасы Зарина Миршакирова Reporter.kg’ге берди.

Видеодо көрүнүп тургандай, 9 жашар балбан кыз Тыныбекова менен сүйлөшүп жатып мукактанып ыйлап жиберген. Сүйлөшүү кеминде 10 мүнөттөй болгон. Ал убакыт аралыгында Тыныбекова Жасминге кеңеш менен кошо мотивация берген. Сүйлөшүүдө кийинки жолугушуу туурасында сөздөр козголгон. Тыныбекова Ысык-Көлдөгү машыгуулары бүткөн соң, өспүрүм менен көзмө-көз кездешээрин убадалаган.

2-сентябрь күнү кечке жуук Жасмин менен Айсулуу Тыныбекова телефондон сүйлөшкөнүн Тыныбекованын PR-менеджери Нурпери Садырбекова билдирген болчу.

Буга чейин Тыныбекова 9 жашар кыздын мыкты күрөшүп жаткан видеосун көрүп, аны менен жолугуу үчүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кызды табышууга коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

 

Exit mobile version