Site icon Reporter.kg

Түп районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрдү

Кечээ, 8-июлда болжол менен саат 13:10 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай жана Түп айыл аймактарында кыска убакытта жааган нөшөрлүү жамгыр селге алып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык:

— Шаты айылында кокту-колоттон келген суу арыктарга батпай, көпүрөдөн ашып өтүп, көчөлөрдү каптаган. Жергиликтүү бийлик тарабынан 2 экскаватор, 1 хово жана 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.

— Күрмөнтү айылында көпүрөгө суу батпай, жолду каптады. Жерине 3 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

— Ак-Булуң айылында бир үйдүн короо-жайын суу каптап, учурда 2 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылып иш алып барууда.

Учурда айыл ичиндеги ички чарбалык арыктардын нугу тазаланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырдаал боюнча кошумча маалымат бериле турганын билдирди.

Exit mobile version