Site icon Reporter.kg

Түптө бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди

Ысык-Көлдүн Түп районунун Ой-Тал айылында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 120 орунду бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, бала бакчага жаңы эмеректер сатып алынган.

«СССР убагынан калган эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөгө Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 4​ млн 530 миң сом жана эмеректерди алууга 2 млн 568 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле, өздүк салым катары Кудургу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 миң сом берилген», — деп билдирет өкүлчүлүк.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version