Түптө кайрадан сел жүрдү — видео

Түп районунда кайрадан сел жүрдү, деп билдиришти жергиликтүү тургундар. Алардын айтымында, 7-августта саат 16:00 чамасында Көөчү айылында сел жүрүп, турак үйлөрдү, көчөлөрдү каптады. Буга чейин Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Байзак жана Кең-Суу айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Биздин Телеграм каналга катталыңыз