Site icon Reporter.kg

Түптө окуучу бала үйүндөгү мал сарайда асынган абалда табылды

Ысык-Көлдүн Түп айылында 12 жаштагы окуучу асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 26-февралда Түп районунун милициясына 2012-жылы туулган өспүрүм өз үйүнүн жанындагы уй сарайында муунуп алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, жерине ыкчам-тергөө тобу барган.

Теририштирүү учурунда өспүрүм бала үйүнүн мал сарайында жипке асынып каза болгону аныкталган. Маркумдун сөөгүн сырткы кароо учурунда мойнундагы жиптин изинен башка эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери өспүрүмдөр өз жанын кыйган, ур-томоктон каза болгон бир нече учур катталды.

Exit mobile version