Site icon Reporter.kg

Түркияда күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясынын Яйладагы аймагынын жээгинде күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Бул тууралуу жекшемби күнү, 19-мартта Түркия өкмөтүнө караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүү башкармалыгынын (AFAD) сайтында маалымдалды.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:44тө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Хатай облусунун Йайладагы районунан 95 км алыстыкта ​​жайгашкан.

Очогу Жер Ортолук деңизинин түбүндө 7 км тереңдикте болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version