Site icon Reporter.kg

Түркияда оппозиция президенттикке бирдиктүү талапкер көрсөттү

Түркияда оппозициячыл алты партиядан турган «Элдик альянс» президенттик кызматка Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин көрсөттү. 74 жаштагы саясатчы Түркиянын алгачкы президенти Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген Элдик-республикалык партиясын жетектейт.

«Евроньюс» телеканалынын маалыматына караганда, оппозициянын атынан бирдиктүү талапкер алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр оор болуп, Кылычдароглунун көрсөтүлүшүнө «Жакшы партиянын» төрайымы, мурдагы ички иштер министри Мерал Акшенер каршы чыккан. Ал президенттикке Стамбулдун же Анкаранын мэринин талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштаган. Акшенер шайлоодо оппозициянын талапкери жеңип чыкса, жогорудагы эки шаардын башчылары вице-президент болот деген убададан кийин көнгөн.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, оппозиция быйыл май айына белгиленген президенттик шайлоодо жеңишке жетсе, мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктарын кыскартып, парламенттик башкарууну бекемдөөнү убада кылууда.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоого даярдыкты баштоо тууралуу жарлыкка 10-мартта кол коерун билдирген. Жарлык чыккандан кийин 60 күндүк шайлоо өнөктүгү башталып, 14-майда добуш берүү менен аяктайт деп күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version