Site icon Reporter.kg

Түркияда уранды алдында калган 7 жашар бала куткарылды (видео)

Түркиянын Диярбакыр шаарында куткаруучулар жер титирөөдөн улам талкаланган үйдүн урандыларынын астынан жети жашар баланы тирүү алып чыгууга жетишти, деп билдирет РИА Новости.

Кахраманмараш провинциясында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болуп, бир катар шаарларында кыйроолорго алып келди.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жер титирөөдөн 284 киши каза болуп, 2500гө жакыны жаракат алганын билдирген.

Бала үйдүн урандыларынын астында жети сааттан ашык убакыт жаткан. Жергиликтүү тургундар сууктан жуурканга оролгон баланы тез жардам кызматына өткөрүп берүү үчүн коридор уюштурушкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөө 900дөн ашуун адамдын өмүрүн алган. Дагы 5000дей кишинин жабыркаганы айтылды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бул 1939-жылдан берки каргашалуу зилзала экенин белгилеп, кырсыктын кесепетин жоюу иштери башталганын билдирген.

Жер титирөө Газиантеп аймагынан түштүк-чыгышты карай 26 чакырым аралыкта жайгашып, очогу жети чакырым тереңдикте экени айтылган. Ал Сирия менен чектешкен аймактан анча алыс эмес жайгашкан. Жер жарым саат аралыгында Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада да силкинген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version