Site icon Reporter.kg

Түркияда зилзаладан көз жумган кыргызстандык айым жерге берилди

Түркиядагы зилзалада курман болгон Медина Бактачиева акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган Медина Бактачиеванын сөөгү жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маматаев Эркинбек баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана дин кызматкерлери катышты.

Нематулла ажы Жээнбеков каза болгон кыргызстандык Медина Бактачиеванын үй-бүлөсүнө облустук казыяттын атынан 30 миң сом акчалай жардам тапшырды.

Белгилей кетсек,  маркум Түркия өлкөсүндө жашап эмгектенип жүргөн. Ал ушул жылдын 6-февралында Түркияда болуп өткөн зилзаладан улам каза тапкан. Анын артында 1 уулу калды.

Буга чейин Кыргызстандын 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жараны жер титирөөнүн кесепетинен каза болгону маалымдалган. Анын сөөгү мекенине 15-февраль күнү жеткирилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Түркияда каза болгон Кыргызстандын жараны мекенине жеткирилди

Exit mobile version