Site icon Reporter.kg

Түркияда зилзаладан жабыркагандарга 50 млн сомдон ашык чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 50 миллион сомдон ашык чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.

Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version