Түркиядагы мелдеш: Айпери Медет кызы алтын, дагы эки балбан коло утту

Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинин биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар 3 медаль утту. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, грек-рим күрөшүнөн Үзүр Жусупбеков (97 кг) менен Автандил Таалайбек уулу (63 кг) коло байге утту. 7-мартта башталган мелдеш 10-мартта жыйынтыкталат.