Site icon Reporter.kg

Түркиядагы мелдеш: Тыныбекова алтын, Билимбекова коло утту

62kg WW - Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Түркиядагы Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде алтын байге тагынды.

Тыныбекова таймашты 1/8 финалдан баштап, катары менен америкалык, түркиялык жана россиялык атаандаштарын уткан.

Ал эми алтын үчүн беттеште Тыныбекова казакстандык Ирина Кузнецова менен кез келип, аны 5:0 эсебинде жеңди.

Ошондой эле бул мелдеште 59 кг салмакта Калмира Билимбекова коло байге утту.

Калмира Билимбекова

 

Exit mobile version