Site icon Reporter.kg

Алтын уткан балбан кыздарды Бишкектен тосуп алышты — видео

Бүгүн, 15-августта «Манас» эл аралык аэропортунда Ислам шериктештиги оюндарында эркин күрөш боюнча жеңүүчү болуп, алтын медаль уткан балбан кыздарды салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Балбан кыздар — Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду жеңиши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги куттуктады.

Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Түркияда өтүп жатат.

Белгилүү фестивалда дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышып келе жатат.

Бүгүнкү күндө биздин курама команданын эсебинде 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло. Оюндар 18-августка чейин уланат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version